Сеулга болгон расмий сапарында Кыргызстан менен Кореянын президенттери эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде K-Silk Road демилгесин тереңдетүүнү талкуулап, мамилелердин деңгээлин Ар тараптуу өнөктөштүккө чейин көтөрүүнү макулдашты. Эки лидер экономика, экология жана билим берүү тармагында биргелешкен иштердин маанилүүлүгүн баса белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти. 🇰🇷 Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Корея Республикасынын Президенти Юн Сок Ёл Сеулда эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү маселесин талкуулашты. 🤝 Өлкө башчылары 1992-жылы дипломатиялык мамилелерди орнотуу менен башталган кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. ✈️ Өткөн жылы Бишкек-Сеул шаарларынын ортосунда аба каттамдары ачылып, бул жарандардын ортосундагы алмашуунун активдешине салым кошкон. 🌍 Президент Юн Сок Ёол Борбор Азиянын Корея үчүн стратегиялык маанисин баса белгилеп, аймактагы байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган K-Silk Road демилгеси мене