Акылбек Жапаров суткасына 3 миң тоннага чейин таштандыны кайра иштетип, электр энергиясын өндүрө турган Бишкек шаарынын санитардык полигонундагы экотехнологиялык заводдун курулушу менен таанышты. Долбоорго инвестиция 95 миллион долларды түзөт, курулушту аяктоо 2025-жылдын аягына пландаштырылган. ♻️ Бишкекте таштандыларды кайра иштетип электр энергиясына айландыруучу экотехнологиялык завод курулууда. 🏗️ Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаардык санитардык полигондун аймагындагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. 💡 Завод суткасына 3000 тоннага чейин катуу тиричилик таштандысын кайра иштетип, электр энергиясын өндүрө алат. 💰 Долбоордун жалпы инвестициясы болжол менен 95 миллион АКШ долларын түзөт. 📅 Заводдун курулушу 2025-жылдын аягына чейин бүтүшү күтүлүүдө.
Бишкектеги таштандыдан электр жарыгын чыгаруучу станцияны 2025-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
3 декабря 20243 дек 2024
1
~1 мин