Жайыл районунда 2025-жылы 86 трансформатор жана 105 км аба линияларын капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт. 575 трансформатордук подстанция жана 958 км аба линияларына техникалык тейлөө иштери пландалууда.
⚡ Жайылский РЭС Чүй облусунун электр тармактары ишканасынын филиалы 2025-жылы 86 трансформаторду жана 105 чакырым аба чубалгыларын капиталдык оңдоодон өткөрөт.
🔧 575 трансформатордук подстанция жана 958 чакырым аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өтөт.
🏗️ Капиталдык курулуштун алкагында районго 26 чакырым СИП-2 аба чубалгысын тартуу пландалууда.
🛠️ Учурда 621 даана темир-бетон мамылар орнотулуп бүткөрүлдү.
💡 Бул иштер Жайыл районунун тургундарын сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.
🗓️ Энергетиктер жыл сайын 1-марттан 1-ноябрга чейин күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн даярдык көрүшөт.