Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Кыргызстанда жазгы талаа жумуштары кызуу уланууда

Учурда Баткен, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат. 116,7 миң га айыл чарба жерлери айдалды, анын ичинде буудай – 35,3 миң га, арпа – 69,9 миң га, жүгөрү – 4,7 миң га, картошка – 3,5 миң га. 🌱 Баткен, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат. 🌾 Бүгүнкү күнгө карата 116,7 миң гектар айыл чарба жерлери айдалды. Анын ичинен буудай 35,3 миң гектар аянтта айдалып, бул пландалган көлөмдүн 34,3% түзөт. 📈 Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу буудай аянттары 9,2 миң гектарга көбөйгөн. Чүй облусунда буудай себүү иштери активдүү жүрүп, 70% аткарылды. 🌾 Арпа 69,9 миң гектар аянтта айдалып, бул пландалган структуранын 29% түзөт. Өткөн жылга салыштырмалуу арпа аянттары 23,0 миң гектарга көбөйгөн. 2025-жылы жаздык арпаны 241,3 миң гектар аянтка себүү пландалууда. 🌽 Жалал-Абад облусунда жүгөрү себүү иштери башталып, 4,7 миң гектар аянтта айдалды. 🥔 Картөшкө 3,5 миң гектар аянтка отургузулуп, бул өткөн жылдын ушул мезгили

Учурда Баткен, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат. 116,7 миң га айыл чарба жерлери айдалды, анын ичинде буудай – 35,3 миң га, арпа – 69,9 миң га, жүгөрү – 4,7 миң га, картошка – 3,5 миң га.

🌱 Баткен, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат.

🌾 Бүгүнкү күнгө карата 116,7 миң гектар айыл чарба жерлери айдалды. Анын ичинен буудай 35,3 миң гектар аянтта айдалып, бул пландалган көлөмдүн 34,3% түзөт.

📈 Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу буудай аянттары 9,2 миң гектарга көбөйгөн. Чүй облусунда буудай себүү иштери активдүү жүрүп, 70% аткарылды.

🌾 Арпа 69,9 миң гектар аянтта айдалып, бул пландалган структуранын 29% түзөт. Өткөн жылга салыштырмалуу арпа аянттары 23,0 миң гектарга көбөйгөн. 2025-жылы жаздык арпаны 241,3 миң гектар аянтка себүү пландалууда.

🌽 Жалал-Абад облусунда жүгөрү себүү иштери башталып, 4,7 миң гектар аянтта айдалды.

🥔 Картөшкө 3,5 миң гектар аянтка отургузулуп, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,7 миң гектарга көп.

🥒 Ош жана Жалал-Абад облустарында жашылча жана бакча өсүмдүктөрүн себүү иштери башталды.