Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

ТС жана ВС каттоо боюнча мамлекеттик агенттик автодромдун инфраструктурасын жакшыртууну улантууда

Бишкек, 31.03.25. Авто мектептердин курсанттары үчүн шарттарды жакшыртуу максатында автодромдун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштер улантылууда. 2024-жылдын октябрынан тартып автодромдун аянтын асфальттоо иштери башталган. Бул долбоор жол белгилерин жана светофорлорду орнотууну да камтыйт. Асфальттоо иштери аба ырайына байланыштуу убактылуу токтотулган, бирок жакында кайра башталат. Декабрь айында автодромдо убактылуу күтүү залдары орнотулган, алар 80ден ашуун адамды батыра алат. 🚗 Бишкекте автодромдун инфраструктурасын жакшыртуу жана авто мектептердин курсанттары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштер уланууда. 🛣️ 2024-жылдын октябрынан тартып автодромдун келечектеги аянтын асфальттоо боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Бул долбоор асфальт төшөөдөн тышкары, жол белгилерин жана светофорлорду орнотуу сыяктуу бардык зарыл инфраструктураны камтыйт. 🌦️ Асфальт-бетон каптоосу аба ырайына жана климаттык шарттарга өзгөчө сезимтал. Аны жай жана жаз мезгилдеринде, температура -5 ºСде

Бишкек, 31.03.25. Авто мектептердин курсанттары үчүн шарттарды жакшыртуу максатында автодромдун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштер улантылууда. 2024-жылдын октябрынан тартып автодромдун аянтын асфальттоо иштери башталган. Бул долбоор жол белгилерин жана светофорлорду орнотууну да камтыйт. Асфальттоо иштери аба ырайына байланыштуу убактылуу токтотулган, бирок жакында кайра башталат. Декабрь айында автодромдо убактылуу күтүү залдары орнотулган, алар 80ден ашуун адамды батыра алат.

🚗 Бишкекте автодромдун инфраструктурасын жакшыртуу жана авто мектептердин курсанттары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштер уланууда.

🛣️ 2024-жылдын октябрынан тартып автодромдун келечектеги аянтын асфальттоо боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Бул долбоор асфальт төшөөдөн тышкары, жол белгилерин жана светофорлорду орнотуу сыяктуу бардык зарыл инфраструктураны камтыйт.

🌦️ Асфальт-бетон каптоосу аба ырайына жана климаттык шарттарга өзгөчө сезимтал. Аны жай жана жаз мезгилдеринде, температура -5 ºСден жогору болгондо төшөө оптималдуу. Ошондуктан, бул багыттагы иштер убактылуу токтотулуп, тиешелүү документтер даярдалууда.

🏗️ Жакын арада асфальт-бетон каптоосун төшөө иштери кайрадан жанданып, улантылат.

🪑 2024-жылдын күз айларынан тартып экзамен тапшыруучулар үчүн шарттарды түзүү иштери башталган. Декабрь айында президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен автодромдун аймагына убактылуу чара катары 80ден ашуун адамды батыра ала турган күтүү залдары катары кайра жабдылган контейнерлер орнотулган.

📺 Бул залдарда ыңгайлуу отургучтар жана экзамен тапшыруучулардын кезеги тууралуу маалымат берүүчү IT-программа менен жабдылган телевизорлор орнотулган.