Кыргызстандын вольная күрөш боюнча улуттук командасынын мүчөсү Орозобек Токтомамбетов Иорданиядагы Азия чемпионатында күмүш медаль утуп алды. Ал 74 кг салмак категориясында күч сынашты. Финалда казакстандык атаандашына 1:2 эсебинде утулду. 🏆 Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Орозобек Токтомамбетов Иорданияда өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль утуп алды. 🤼♂️ Токтомамбетов 74 кг салмак категориясында күч сынашты. 🇨🇳 1/8 финалда кытайлык атаандашын 11:0 эсебинде жеңди. 🇰🇷 1/4 финалда Түштүк Кореянын спортчусун 10:2 эсебинде утту. 🇺🇿 Жарым финалда Өзбекстандын өкүлүн 10:1 эсебинде жеңип, финалга чыкты. 🥈 Финалда Казакстандын спортчусуна 1:2 эсебинде утулуп, күмүш медаль ээси болду.