Васильевский тракттагы мыйзамсыз дарак кыйуу аныкталды. 49 кара-жыгач жана тал дарагы кыйылган. Экологияга келтирилген зыян бааланып, айып пулду төлөөгө милдеттендирилет. 🌳 Бишкек шаарынын Васильевский трактында мыйзамсыз дарактарды кыюу аныкталды. 🪓 Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясына “Манас” аэропортуна бара жаткан жолдо көп сандагы дарактарды мыйзамсыз кыюу тууралуу маалымат келип түштү. 👥 Бул мыйзам бузуу боюнча “Бишкекзеленстрой” муниципалдык ишканасынын жана Табигый ресурстар министрлигинин кызматкерлеринен турган комиссия түзүлдү. 🌿 Кара-жыгач жана тал породасындагы 49 дарак терең кыюуга дуушар болгону аныкталды, ошондой эле уруксатсыз санитардык кыюу жүргүзүлгөн. 📏 Ар бир дарактын диаметри өлчөнүп, экологияга келтирилген зыяндын анализи жүргүзүлдү. Экологдор мыйзам бузуучунун төлөөгө тийиш болгон айып пулунун өлчөмүн аныкташат.
Бишкек – «Манас» аэропорту трассасында мыйзамсыз дарактар кыйылды
4 апреля 20254 апр 2025
~1 мин