Бишкек, 28.03.25. Султанбай Айжигитовдун Жогорку Кеңештеги депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Ал соттуулугун жашырып, мыйзамды бузганы аныкталды. 🗳️ Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. 👨⚖️ Жыйынга Султанбай Айжигитов, анын адвокаты, УКМК жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү катышты. 🕵️ ГКНБнын өкүлү 2017-жылы Сокулук районунда жашы жете элек балага зомбулук көрсөтүү боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. 📜 2018-жылы Айжигитовго “Хулиганчылык” беренеси боюнча айып тагылып, ага өлкөдөн чыкпоо чарасы колдонулган. ⚖️ 2020-жылы Сокулук райондук соту аны күнөөлүү деп тапкан, бирок мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазадан бошотулган. 📝 Айжигитов депутаттыкка катталууда соттолбогондугу тууралуу жалган маалымат берген. 🚨 Камчыбек Ташиев Айжигитовдун соттолгондугун жашырганын айтып, бул маселе боюнча укук коргоо органдары иликтөө жүргүзөрүн белгиледи.
БШК Султанбай Айжигитовдун Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатын кайтарып алды
28 марта 202528 мар 2025
~1 мин