Каракол шаарындагы Касымалы Жантошев атындагы музыкалык-драма театрында Эл аралык театр күнүнө арналган иш-чара өттү. Театрлаштырылган концерттик программа көрсөтүлүп, маданият кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды. 🎭 Каракол шаарындагы Касымалы Жантошев атындагы музыкалык-драма театрында Эл аралык театр күнүнө арналган иш-чара өттү. 🏆 Иш-чарада театрлаштырылган концерттик программа көрсөтүлүп, шаардык бийлик маданият кызматкерлерине атайын сыйлыктар жана ардак грамоталар тапшырды. 👥 Иш-чарага Каракол шаарынын мэри Тимур Мадяров, Кыргыз Республикасынын президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, театр жамааты жана шаар тургундары катышты. 🎤 Тимур Мадяров өзүнүн куттуктоо сөзүндө театр искусствосунун коомдук аң-сезимди өнүктүрүүдөгү жана маданий мурастарды сактоодогу маанилүү ролун белгилеп, театр жамаатына чыгармачылык ийгиликтерди, жаңы демилгелерди жана жаркын жетишкендиктерди каалады. 🌟 «Маданият – бул улуттун байлыгы, ал эми театр бул байлыктын жү