Бишкекте К.Кожомкул атындагы Спорт сарайында өткөн волейбол боюнча V шаардык чемпионатта эркектер арасында ВК ВВ МВД, кыздар арасында ВК СДЮШОР СИ «Салам алик» жеңүүчү болду. Чемпионатты Бишкек мэриясы жана башка спорттук уюмдар уюштурду. 🏐 Бишкек шаарында К.Кожомкул атындагы Спорт сарайында Бишкек шаарынын волейбол боюнча V чемпионаты болуп өттү. 🥇 Эркектер арасында биринчи орунду ВК ВВ МВД командасы ээледи. 🥈 Экинчи орунга ВК СКА МО командасы чыкты. 🥉 Үчүнчү орунду ВК Бишкек командасы алды. 🏆 Кыздар арасында биринчи орун ВК СДЮШОР СИ «Салам алик» командасына ыйгарылды. 🥈 Экинчи орунду ВК Бишкек командасы ээледи. 🥉 Үчүнчү орунга ВК Дордой командасы чыкты. 🤝 Чемпионатты уюштурууда Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти, Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы жана Бишкек шаарынын волейбол федерациясы, ошондой эле Олимпиадалык резервдин спорттук оюндар боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби катышты.