Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Кыргызстанда дээрлик миллион эркек гипертония жана кант диабетине текшерүүдөн өттү.

Кыргызстанда февраль айында 973 миңден ашуун эркек "Жоопкерчиликтүү бол!" акциясына катышып, жүрөк-кан тамыр оорулары жана кант диабети боюнча текшерүүдөн өтүштү. Текшерүүдө 119 600 эркекте жогорку кан басымы, 49 600дө жүрөк-кан тамыр ооруларынын өнүгүү коркунучу жана 60 800дө кант диабети аныкталды. Акция Нарын облусунда эң жогорку деңгээлде өтүп, Бишкек жана Чүй облусунда эң аз катышуу байкалды.

📊 Кыргызстанда февраль айында 973 миңден ашуун эркек “Жоопкерчиликтүү бол!” аттуу акцияга катышып, негизги жугушсуз ооруларга, атап айтканда, жүрөк-кан тамыр оорулары жана кант диабетине текшерүүдөн өтүштү.

🩺 Текшерилгендердин ичинен 119 миң 600 эркекте (жалпы санынын 12%) кан басымы жогору экени аныкталды.

❤️ 49 миң 600 эркекте (5%) жүрөк-кан тамыр ооруларынын өнүгүү коркунучу бар экени белгилүү болду.

🍬 60 миң 800 эркекте (6%) кант диабети аныкталды.

📈 Нарын облусунда акциянын катышуучулары эң көп болуп, үй-бүлөлүк медицина борборлоруна же ФАПтарга катталган эркектердин 85% камтылды.

🏢 Бишкек жана Чүй облусунда акциянын катышуучуларынын саны эң аз болуп, ар бир аймакта 39% түздү.

🤝 “Жоопкерчиликтүү бол!” акциясы 1-февралдан 28-февралга чейин бүткүл республика боюнча Швейцариянын “Кыргызстанда жугушсуз ооруларды натыйжалуу башкаруу жана алдын алуу” долбоору жана КРдин Саламаттыкты сактоо министрлиги менен өнөктөштүктө өткөрүлдү.

🌍 Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун стандарттарына ылайык, жугушсуз ооруларга жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары, кант диабети, онкологиялык оорулар жана дем алуу системасынын обструктивдүү жугушсуз оорулары кирет. Кыргызстанда да, дүйнө жүзүндө да жугушсуз оорулар өлүмдүн негизги себеби болуп саналат.