Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Ош облусунда чет өлкөдө жүргөн 10 жаранга мыйзамсыз дипломдор берилген

Бишкек, 26.03.25. Прокуратура Кара-Кулджинского района выявила незаконную выдачу дипломов 10 студентам, которые не обучались в лицее №109. Возбуждено уголовное дело по злоупотреблению должностными полномочиями.

📚 Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы мыйзамсыз диплом берүү фактылары боюнча кылмыш ишин козгоду.

🔍 Кара-Кулжа районунун прокуратурасы билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарынын аткарылышын текшерүү учурунда, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган 10 студентке, Кара-Кулжа районунда жайгашкан №109 кесиптик лицейинде окубаганына карабастан, экзамендик баалар коюлуп, тиешелүү адистиктер боюнча мыйзамсыз дипломдор берилгени аныкталды.

⚖️ Бул фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (кызматтык ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.