Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

ЖК спикери: Жеке мектептер билим берүү мекемелеринин атаандаштыгын жана өнүгүүсүн жогорулатат

Бишкек шаарындагы «Учур» эл аралык мектебине барган Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу билим берүү тармагына мамлекеттин колдоосун баса белгилеп, мектепке 300 миң сомдук сертификат тапшырды. 📝 Нурланбек Тургунбек уулу Бишкек шаарындагы эл аралык “Учур” мектебинин ишмердүүлүгү менен таанышты. 🏫 Бул мектеп өткөн жылдын январь айында негизделген жана учурда алтымышка жакын окуучу билим алууда, ал эми бала бакчасында кыркка жакын бала бар. 📚 Кыргыз жана англис тилдеринде билим берүүчү мектептин ишмердүүлүгү менен таанышып, мамлекет билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Жаңы заманбап мектептерди куруу, мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда. 🎓 Жогорку Кенештин төрагасы жеке мектептердин ачылышын кубаттап, алар билим берүү мекемелеринин атаандаштыгын жана өнүгүүсүн өстүрөөрүн айтты. Мамлекеттик тилде, эл аралык стандарттарга ылайык билим берген заманбап мектептердин ачылышы ар дайым колдоого алынат. 👩‍🏫 Нурланбе

Бишкек шаарындагы «Учур» эл аралык мектебине барган Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу билим берүү тармагына мамлекеттин колдоосун баса белгилеп, мектепке 300 миң сомдук сертификат тапшырды.

📝 Нурланбек Тургунбек уулу Бишкек шаарындагы эл аралык “Учур” мектебинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

🏫 Бул мектеп өткөн жылдын январь айында негизделген жана учурда алтымышка жакын окуучу билим алууда, ал эми бала бакчасында кыркка жакын бала бар.

📚 Кыргыз жана англис тилдеринде билим берүүчү мектептин ишмердүүлүгү менен таанышып, мамлекет билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Жаңы заманбап мектептерди куруу, мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда.

🎓 Жогорку Кенештин төрагасы жеке мектептердин ачылышын кубаттап, алар билим берүү мекемелеринин атаандаштыгын жана өнүгүүсүн өстүрөөрүн айтты. Мамлекеттик тилде, эл аралык стандарттарга ылайык билим берген заманбап мектептердин ачылышы ар дайым колдоого алынат.

👩‍🏫 Нурланбек Тургунбек уулу мугалимдер менен баарлашып, жакшы билим келечектин жарык болушунун кепилдиги экенин жана мугалимдердин келечек муундарды татыктуу билим менен камсыз кылуудагы жоопкерчилигин баса белгиледи.

💰 Мектепке 300 миң сомдук сертификат тапшырылып, бул каржылык колдоо катары берилди.