Кабинет министров онлайн-мектеп «Тунгучту» түзүп, бардык жарандарга билимге тең мүмкүнчүлүк берүү максатында 2025-2028-жылдар аралыгында пилоттук режимде ишке киргизди. Бул мектеп географиялык алыстык, ден соолук же башка чектөөлөрдөн улам билим ала албаган жарандарга арналган.
🎓 Кыргызстанда 2025-2028-жылдары онлайн билим берүүчү “Тунгуч” мектеби пилоттук режимде иштей баштайт.
🌍 Бул мектеп географиялык алыстык, ден соолук абалы же физикалык чектөөлөрдөн улам салттуу билим берүү мекемелерине бара албаган жарандарга билим алууга мүмкүнчүлүк берет.
💻 “Тунгуч” мектебинин негизги максаты – билим берүү процессин санариптик технологиялар жана инновациялык ыкмалар менен жакшыртуу жана кызыктуу кылуу.
👥 Мектептин кызматкерлери жана мугалимдери үчүн эмгек акы төлөө шарттары 2022-жылдын 30-мартындагы №181 токтомго ылайык жөнгө салынат.
🏢 “Тунгуч” мектебине А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар лицейинин интернатынын имараты пайдаланууга берилди.
📅 Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.