Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда автожолдорду куруу жана пайдалануу, автожолдордун кесилиштерин жакшыртуу жана пайдалануу боюнча макулдашуу ратификацияланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Макулдашуу эки жолдун курулушун жана жолдордун кесилиштерин биргелешип пайдаланууну камтыйт.

🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилиштерин обустройство кылуу жана пайдалануу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.

🛣️ Макулдашуу эки мамлекеттин жарандарынын эркин жүрүүсүн, транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыз кылууну көздөйт.

📍 Макулдашууда эки автомобиль жолунун долбоорлоо жана курулушу каралган: “Дача – Капчыгай” жана “Мин-Орук – Самаркандек”. Бул жолдор нейтралдуу статус алып, макулдашуу күчүнө киргенден кийин пайдаланылат.

🤝 “Дача – Капчыгай” жолун Тажикстан Республикасы, ал эми “Мин-Орук – Самаркандек” жолун Кыргыз Республикасы колдонот.

🛤️ Ошондой эле, “Ош – Раззаков” жана “Исфара – Ворух” автомобиль жолдорунун кесилиштерин биргелешип обустройство кылуу жана пайдалануу сунушталууда, бул жолдор нейтралдуу статус алып, эки мамлекет тарабынан тең укуктуу колдонулат.