Нарын шаарында дарыя боюндагы аллеяны улантуу долбоору башталууда. Бул долбоор шаарды көрктөндүрүүгө жана эс алуу жайларын түзүүгө багытталган. Жаңы аймакта жөө жолдор, фотозоналар жана жашыл аянттар камтылат.
🌿 Нарында жаңы инфраструктуралык долбоор ишке ашырылууда – Нарын дарыясынын жээгиндеги аллеянын уландысы курулат.
🏗️ Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, шаардык чөйрөнү өнүктүрүүгө жана эс алуу үчүн ыңгайлуу жерлерди түзүүгө багытталган.
🌱 Өткөн жылы набережнаянын биринчи бөлүгү курулган, эми аны түштүк тарапка узартуу пландалууда. Азыркы учурда жер тилкесин даярдоо иштери жүргүзүлүп, “Нарын Курулуш” мамлекеттик ишканасы эскиздик долбоорду иштеп чыгууда.
📸 Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев долбоорду талкуулоо учурунда жаңы эс алуу зонасы жөө жүрүүчү маршруттарды эле эмес, фотозоналарды, жашыл өсүмдүктөрдү жана заманбап жайлуу аянттарды камтышы керек экенин баса белгиледи.
🌸 Объекттин курулушу быйылкы жылдын жаз айларында башталат. Долбоор шаардын келбетин жакшыртып, аны жашоочулар жана туристтер үчүн ыңгайлуу жана жагымдуу кылууга багытталган.