Бишкекте КР президентинин алдындагы Улуттук инвестиция агенттигинин директору Талантбек Иманов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуп, инвестиция тартуу, бизнес долбоорлорду өнүктүрүү жана экономикалык өнөктөштүктү чыңдоо маселелерин талкуулашты.
🇰🇬 Бишкекте Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Улуттук инвестиция агенттигинин директору Талантбек Иманов менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери жолугушуу өткөрүштү.
🤝 Жолугушууда эки тарап инвестицияларды тартуу, бизнес долбоорлорду өнүктүрүү жана Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы экономикалык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.
📈 Инвестициялык климат, ишкерлерди колдоо жана экономиканын артыкчылыктуу секторлорунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү өзгөчө көңүлгө алынды.
🌍 Талантбек Иманов эл аралык компаниялар жана АКШ институттары менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ал Кыргызстандын экономикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн эл аралык өнөктөштөр менен иштөөгө даяр экенин белгиледи.
🇺🇸 Элчи Лесли Вигери америкалык тараптын Кыргызстандагы инвестициялык потенциалды өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин баса белгиледи.
📅 Жолугушунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташуунун алкагында активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга, анын ичинде экономикалык байланыштарды чыңдоо жана жаңы инвесторлорду тартуу максатында бизнес-форумдар, инвестициялык конференциялар жана тематикалык тегерек столдор сыяктуу биргелешкен иш-чараларды уюштурууга макулдашышты.