Астанадагы Гашыктар паркында Нооруз майрамы кеңири белгиленип, кыргыз элчилиги катышты. Кыргызстандын бай маданий мурасы, улуттук тамак-аштар жана кол өнөрчүлүк көрсөтүлүп, туристтик маалыматтар таратылды. Кыргызстандын социалдык-экономикалык жетишкендиктери жана тарыхый мурастары тууралуу лекциялар өткөрүлдү.
🎉 Астанадагы Гашыктар Паркында 22-мартта Нооруз майрамы кеңири белгиленди.
🇰🇬 Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги иш-чарага активдүү катышты. Кыргыз тараптан орнотулган боз үйдө коноктор Кыргызстандыктардын бай маданий жана тарыхый мурастары менен таанышып, “Алайку” компаниясы сунуштаган улуттук тамак-аштардан даам сындырып, элдик кол өнөрчүлүк көргөзмөсүн жана салттуу кийим тигүү боюнча мастер-класстарды көрө алышты.
📚 Кыргыз элинин тарыхый мурасына өзгөчө көңүл бурулду. Диаспора өкүлдөрү жана Кыргызстандык студенттер үчүн Кыргыз Республикасынын негиздөөчүлөрү тууралуу лекциялар өткөрүлүп, заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсүнүн негизи болгон “Улуттук дух – дүйнөлүк бийиктиктер” доктринасы сунушталды.
🤝 Кыргызстандын элчиси Дастан Дюшекеев “Нура” районунун акими Р.Турдыбеков, дипломатиялык корпус жана ММК өкүлдөрү менен Ноорузду Кыргызстанда майрамдоо салттары жана акыркы жылдардагы өлкөнүн социалдык-экономикалык жетишкендиктери тууралуу ой бөлүштү.