Бакыт Торобаев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы "Салих Аква" заманбап балык чарбасын ачты. Долбоордун баасы 576 миң долларды түзүп, 1 млн чабак өндүрөт. 🐟 Аламудун районунун Гроздь айылында жаңы заманбап “Салих Аква” балык чарба комплекси ачылды. Бул иш-чарага министр Бакыт Торобаев катышып, комплекстин ишмердүүлүгү менен таанышты. 💰 Долбоордун жалпы наркы 576 миң АКШ долларын түзүп, ал Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланды. 🌊 Комплекс форель жана осетр балыктарынын уруктарын инкубациялоого арналган жана бир инкубациялык циклде 1 миллион чабак өндүрүүгө жөндөмдүү. 🚜 Бул долбоор фермерлерди чабак менен камсыз кылуу жана өлкөдө аквакультураны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт. Ошондой эле, ички балык керектөөнү камсыз кылып, экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. 🏞️ Торобаев Ленин айылындагы “Митрофановка” балык чарбасынын ишмердүүлүгү менен да таанышты. Бул чарбага 10 жылга 4 гектар жер берилген жана жылына 3 миллион чабак өндүрүүгө жөндөмдүү. 👷 Бул долбоорлордун
Аламудунда радужная форель жана осетр үчүн балык уруктарын өндүрүүчү инкубациялык цех ачылды
24 марта 202524 мар 2025
~1 мин