Президент Садыр Жапаров кыргыз-түрк достук ооруканасын биргелешип башкаруу жана кыргызстандык жарандардын Түркияда медицина тармагында билим алуусу боюнча келишимди ратификациялады.
🇰🇬 Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтү ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул макулдашуу Бишкек шаарындагы кыргыз-түрк достук мамлекеттик ооруканасын биргелешип башкаруу жана Кыргызстандын жарандарынын Түркияда медицина тармагында билим алуусун камтыйт.
📚 Жогорку Кеңеш бул мыйзамды 2025-жылдын 12-мартында кабыл алган. Макулдашуу Кыргызстандын 20 дарыгерин жыл сайын Түркияда медициналык адистик боюнча окутууну камсыз кылат.
🤝 Ошондой эле, бул макулдашуу Кыргыз Республикасында дарыгерлерди жана медициналык адистиктерди даярдоо боюнча окуу программаларын жакшыртууну колдоону көздөйт.
🏥 Оорукананы биргелешип башкаруу 5 жылга узартылат жана ар бир 5 жылдык мөөнөттө Түркия тараптан кошумча 32 миллион АКШ доллары бөлүнөт.