Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Бишкек шаарынын мэри жаш футболчуларды жеңиши менен куттуктап, белектерин тапшырды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Алга KIDS» клубунун жаш футболчулары менен жолугушуп, Ташкентте өткөн «Достлик 2025» эл аралык турнириндеги жеңиштери менен куттуктады. Турнирде 24 команда катышкан, ал эми «Алга» финалда «Локомотивди» 2:1 эсебинде утуп, биринчи орунду ээледи.

⚽️ Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Алга KIDS» футбол клубунун жаш оюнчулары менен жолукту.

🎁 Жунушалиев жаш спортчуларга эстелик белектерди тапшырды жана Ташкент шаарында өткөн «Достлик 2025» эл аралык жаштар турниринде жеңишке жетишкендиги менен куттуктады.

🏟 Алга стадионунда кыргызстандык спортчулар үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн мэр белгилеп өттү.

🌍 Турнирге үч өлкөдөн (Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстан) 24 команда катышты, жана алар үч топко бөлүндү.

🥇 «Алга» командасы финалда Ташкенттин «Локомотив» командасын 2:1 эсебинде жеңип, өз тобунда биринчи орунду ээледи.