Президент Садыр Жапаров Самаркандга иш сапары менен барып, "Борбор Азия – Европа Биримдиги" саммитине катышат. Ал Европалык кеңештин жана комиссиянын президенттери менен жолугуп, саясий, экономикалык жана маданий кызматташууну талкуулайт.
🇰🇬 Президент Садыр Жапаров Самарканд шаарына иш сапары менен келип, “Борбордук Азия – Европа Биримдиги” саммитине катышууда.
🛬 Самаркандагы аэропортто Жапаровду расмий делегация, анын ичинде Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды. Аэропортто Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Европа Биримдигинин желектери илинип, Кызыл килем төшөлгөн.
🤝 Жапаров Европалык Кеңештин президенти Антониу Кошта жана Европалык Комиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен менен жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен расмий жолугушуу болот.
💼 Сүйлөшүүлөрдө Кыргызстан менен Европа Биримдигинин жана Өзбекстандын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташуусу талкууланат.
🌍 Садыр Жапаров 4-апрелде саммитке катышып, “Борбордук Азия глобалдык климаттык коркунучтардын алдында: жалпы гүлдөп-өнүгүү үчүн тилектештик” аттуу Эл аралык форумда сөз сүйлөйт.
📜 Саммиттин жана эл аралык климаттык форумдун жыйынтыгы боюнча биргелешкен документтер кабыл алынат деп күтүлүүдө.