2024-жылы «Учкун» ишканасы мамлекетке 278,2 млн сом салык төлөп, өлкөнүн ири салык төлөөчүлөрүнүн бири болду. Техникалык модернизациядан өткөндөн кийин ишкана кирешелүү болуп, күйүүчү майды маркалоо аркылуу 1,43 млрд сом акциз чогултту.
🇰🇬 2024-жылы «Учкун» ишканасы мамлекетке 278,2 миллион сом салык төлөп, өлкөнүн ири салык төлөөчүлөрүнүн бири болуп калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда өткөн брифингде маалымдалды.
📈 «Учкун» президенттин башкаруу ишине өткөрүлгөндөн бери техникалык жактан модернизацияланып, өлкөнүн эң кирешелүү ишканаларынын бирине айланды.
💰 2024-жылы күйүүчү майды маркировкалоодон жыйналган акциз суммасы 1,43 миллиард сомду түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 578,7 миллион сомго көп.
📊 2025-жылдын январь-февраль айларында акцизден 770 миллион сом чогултулду.
🏢 «Учкун» ишканасы 2024-жылы 1,7 миллиард сом киреше тапты.