Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Нарын облусунда 312 миң дарак отургузулат

Нарын облусунда «Жашыл Мурас» кампаниясынын алкагында 312 000 түрдүү көчөттөр отургузулат. Жыйынга министрликтин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Райондук жетекчилерге көчөттөрдүн өз убагында отургузулушун жана алардын жашап кетишин камсыз кылуу тапшырылды. 🌱 Нарын облусунда “Жашыл Мурас” кампаниясынын алкагында 312 000 түрдүү дарактардын көчөттөрү отургузулат. 🌿 2-апрелде Нарын облустук администрациясында кеңейтилген жыйын өттү, ага жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары М.Аманкулов, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары А.Сапаров жана башка жетекчилер катышты. 🌳 Жыйындын жүрүшүндө райондук мамлекеттик администрация башчылары 2024-жылы “Жашыл Мурас” акциясынын алкагында отургузулган көчөттөр жана 2025-жылга пландалган иштер тууралуу маалымат беришти. 🌲 Жыйындын жыйынтыгында райондук мамлекеттик администрация башчыларына жана токой чарба бөлүмдөрүнүн жетекчилерине көчөттөрдү өз убагында отургу

Нарын облусунда «Жашыл Мурас» кампаниясынын алкагында 312 000 түрдүү көчөттөр отургузулат. Жыйынга министрликтин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Райондук жетекчилерге көчөттөрдүн өз убагында отургузулушун жана алардын жашап кетишин камсыз кылуу тапшырылды.

🌱 Нарын облусунда “Жашыл Мурас” кампаниясынын алкагында 312 000 түрдүү дарактардын көчөттөрү отургузулат.

🌿 2-апрелде Нарын облустук администрациясында кеңейтилген жыйын өттү, ага жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары М.Аманкулов, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары А.Сапаров жана башка жетекчилер катышты.

🌳 Жыйындын жүрүшүндө райондук мамлекеттик администрация башчылары 2024-жылы “Жашыл Мурас” акциясынын алкагында отургузулган көчөттөр жана 2025-жылга пландалган иштер тууралуу маалымат беришти.

🌲 Жыйындын жыйынтыгында райондук мамлекеттик администрация башчыларына жана токой чарба бөлүмдөрүнүн жетекчилерине көчөттөрдү өз убагында отургузуу жана алардын жашап кетүүсүнө көңүл буруу боюнча тапшырмалар берилди.