Бүгүн Нарын облусуна иш сапары менен барган транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нарын — Баетов жолунун курулушун текшерип, иштин жай жүрүшү жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жаратып жатканын белгиледи. 🚧 Нарын-Баетов автожолунун курулушу Нарын облусунда кызуу жүрүп жатат. Министр Абсаттар Сыргабаев жолдун курулуш иштерин текшерип чыкты. 🔨 33-38 км аралыкта 72 метрлик көпүрөнүн курулушу жүрүп жатат. Азыркы учурда көпүрөнүн свайларын орнотуу иштери аткарылууда. 🌊 Ак-Кыя участкасында (8-13 км) суу өткөрүүчү канал курулууда. ⏱ Жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайсыздыктарды жоюу максатында министр курулуш иштерин тездетүүнү жана сапатына көңүл бурууну тапшырды. 🛣 Нарын-Баетов автожолунун жалпы узундугу 120 чакырымды түзөт, анын 46 чакырымы оңдоого пландалган. Жол эки тилкелүү болуп курулууда.
Абсаттар Сыргабаев Нарын-Баетов жолу курулушунун жүрүшүн текшерди
2 апреля 20252 апр 2025
~1 мин