Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Словакияда Чехословакиядан Кыргызстанга биринчи «Интергельпо» эшелонунун жөнөтүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү

Жилина шаарында Кыргызстандын Словакия Республикасындагы Ардактуу консулдугу тарабынан уюштурулган «Интергельпо» кооперативинин Кыргызстанга жөнөтүлгөн биринчи эшелонунун 100 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Бул иш-чара Кыргызстандын Словакия менен экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарын чыңдоонун тарыхый негизи катары белгиленди. 🎉 Жилина шаарында 28-мартта Кыргызстандын Словакия Республикасындагы Ардактуу консулдугу тарабынан уюштурулган “Интергельпо” кооперативинин биринчи эшелонунун Кыргызстанга жөнөтүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган расмий иш-чара болуп өттү. 👥 Иш-чарага Словакия Республикасынын Тышкы жана Европа иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Растислав Хованец, Жилина шаарынын мэри Петер Фиабане жана Словакиядагы Чехиянын элчиси Рудольф Индрак катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. 🏗️ Кыргызстандын Словакиядагы элчиси Толенды Макеев бул тарыхый окуянын маанилүүлүгүн белгилеп, словакиялык жана чех интернационалисттери Кыргызстандын өнөр жайынын өнүг

Жилина шаарында Кыргызстандын Словакия Республикасындагы Ардактуу консулдугу тарабынан уюштурулган «Интергельпо» кооперативинин Кыргызстанга жөнөтүлгөн биринчи эшелонунун 100 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Бул иш-чара Кыргызстандын Словакия менен экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарын чыңдоонун тарыхый негизи катары белгиленди.

🎉 Жилина шаарында 28-мартта Кыргызстандын Словакия Республикасындагы Ардактуу консулдугу тарабынан уюштурулган “Интергельпо” кооперативинин биринчи эшелонунун Кыргызстанга жөнөтүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган расмий иш-чара болуп өттү.

👥 Иш-чарага Словакия Республикасынын Тышкы жана Европа иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Растислав Хованец, Жилина шаарынын мэри Петер Фиабане жана Словакиядагы Чехиянын элчиси Рудольф Индрак катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

🏗️ Кыргызстандын Словакиядагы элчиси Толенды Макеев бул тарыхый окуянын маанилүүлүгүн белгилеп, словакиялык жана чех интернационалисттери Кыргызстандын өнөр жайынын өнүгүшүнүн башатында турушканын жана өлкөнүн индустриалдык өнүгүүсүнө, билимге, илимге жана маданиятка чоң салым кошушканын айтты.

📚 Иш-чаранын алкагында “Интергельпо” китебинин презентациясы болуп өттү. Бул китепти словакиялык тарыхчы Бранислав Красновский жазып, кыргыз тилине тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин которгон. Китептин басылышы Кыргызстандын Словакиядагы элчилигинин жана Словакиядагы Ардактуу консул Тибор Подобанын каржылык колдоосу менен ишке ашты.

🗓️ 1925-жылдын 29-мартында Жилина шаарынан “Интергельпо” кооперативинин биринчи эшелону, негизинен чех жана словактардан турган мүчөлөр, Совет Кыргызстанынын мурдагы борбору Фрунзе шаарына (азыркы Бишкек) жетүү үчүн Пишпек темир жол станциясына жөнөп кеткен. Бул тарыхый окуяны эскерүү максатында Жилина темир жол вокзалынын башкы кире беришинде мемориалдык такта орнотулган.