Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын кесиптик лицейлеринин окуучуларынын арасында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган чыгармачыл сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи жана жыйынтыктоочу концерттик программа «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда болуп өттү. 🎨 Бишкекте жайгашкан “Сейтек” балдар жана жаштар борборунда Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган чыгармачылык конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи жана жыйынтыктоочу концерттик программа болуп өттү. 🏆 Конкурс Бишкек шаарындагы кесиптик лицейлердин окуучуларынын арасында өткөрүлдү. 📚 Конкурсту Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Маданият, спорт жана дене тарбияны өнүктүрүү методикалык борбору уюштурду, ал эми “Сейтек” борбору иш-чаранын тең уюштуруучусу болду. 👨🎓 Сыйлоо аземине билим берүү жана илим министринин орун басары Альберт Махметкулов катышып, катышуучуларга чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
Бишкекте Улуу Ата Мекендик согушка арналган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды.
4 апреля 20254 апр 2025
~1 мин