Найти в Дзене
Айымдар KG

Кой десе болбой айылга турмушка чыгып..

Салам админка чыгарып бересизби. Саламатсыздарбы айымдар, сиздерден кенеш сурайын дедим эле. Өзүм шаарда чоңойгон кызмын. Үйдөгүлөр кой десе болбой айылга турмушка чыккам, 2 балабыз бар аллахка шүгүр. Акыркы күндөрү кыйналып кеттим, үйдө малдар көп кайненем күнүгө4 мал саайт, күнүгө сүт тартат эрте менен турсам толтура идиштерди мага үйүп салат мен жууйм, кечиндеда ошондой толтура идиш жууйм сүт машина,челек чара казан толтура ишид, акыркы күндөрү чыдамым кетти идиш жуугандан жададым. Жолдошума айтсам не кыл дейсин посудамойшица алайлыбы деп койот. Малдарды кайненем өзү саайт, ал жокто жолдошум саайт. Үйдө кайненем жолдошум болуп эле жашайбыз кайын синди кайын эже жок, кайним шаарда турат. Үйдөгүлөр айткан айылдын турмушу оор чыдайсынбы дешкен, башында жакшыле болчу акыркы күндөрү идиштер көбөйүп кыйнап салды. Негизи сиздерде деле ушундайбыы.