Найти тему

«Өз жеринен, айылынан аянбаган инсан»

Темир Асаналиев, Нарын районунун Эмгекчил айылынын жашоочусу:

Биздин Эмгекчил айыл өкмөтү Бүткүл дүйнөлүк банктын «Таза суу» долбооруна кирип, 7,5 млн. сомго айылдын көчөлөрүнө жаңы суу түтүктөрү казылып орнотулуп, азыр ар бир үйдүн ичине таза суу киргизилген.

Ошол мезгилде 5% өздүк салым 375 миң сомду эл толук чогулта албай, 120 миң сом жетпей калган. Ошондо Бишкек шаарындагы тааныш байкенин фирмасынан карыз алып банкка төгүп, долбоорго киргенбиз. Карыз акчаны фирмага убагында бере албай кыйналып, телефонго жооп бере албай качып жүргөнүмдө «Нариман деген жакшы жигит бар, барып сурап көрбөйсүңбү?» деп тааныштардан угуп, Нариман Түлеевге бардым.

Нариман Түлеев анда «Темир» мамлекеттик ишканасында иштейт экен. «Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши» дегендей, Нариман жөнөкөй, орто бойлуу жигит экен.

Мен өзүмдү тааныштырып, болгон көйгөйдү айтып түшүндүрдүм. «Кимден карыз алдың эле?» деп сурады, «берем же бербейм» деп эчтеке айткан жок. Мен бияктан дагы жолум болбой калды деп бозала болуп айылга кеттим. Карыз берген байке күнүгө чалат, мен телефонун албайм. 3, 4 күн өткөндө телефонду алып, «байке, акчаны издеп атам, таап берем» десем:

– Темир, сен Нариманга бардың беле?,- деди. – Ооба, барып маселени айткам, - дедим. «120 миң сомду Нариман берди, ырахмат!» десе болобу! Ушул сөздү укканда бүткөн боюман тер кетип, энем эркек төрөгөндөй сүйүндүм.

Көрсө Нариман мени тааныбаса, биринчи жолугуп эле чоң сумма акча сурап атсам, чын эле айыл үчүн таза сууга деп алганы жатабы же өзүнө керектеген атабы деп текшерген окшойт. Ошентип Эмгекчилде таза суу чыгып калган.

2005-жылы Бишкек шаарында Нарын областынын «Жеңиштин 60 жылдыгы» аттуу марафону өткөрүлдү.

«Марафонго өз айылыңардан чыккан аттуу баштуу инсандарды, бизнесмендерди, айылга жардам берип жүргөн атуулдарды өзүңөр чакыргыла» дешти. Мен түз эле Нариманга барып, «Наке, областтык марафон болгон жатат. Буга чейин таза сууга 120 миң сом бербедиңби, элдин баары өмүрлүү болсун деп батасын берип жатат. Азыр жөн эле барып сый конок болуп катышып бер» дедим. Нариман «марафонго барган киши акча кошуш керек, жөн эле колду чөнтөккө салып бармак беле» деп күлдү. Анан «райондо канча айыл өкмөт бар?» деп сурады. «15 айыл өкмөтү бар» дедим. «Ар бир айыл өкмөткө 20 миң сомдон берсем болобу?» деди. Пендебиз да, чочуп кетип «аларга эмнеге бересиң?» деп ийдим. «Анан аларды жалдыратып коймок белем? Районго 50 миң сом берсем болобу? Марафонго барган соң баарын ыразы кылыш керек» деп күлдү.

Ошол марафондун урнасына салынган акчанын 70 пайызы

Нариман салган 350 миң сом менен толду.

Демек, Нариман Түлеев бардык элге бирдей калыс караган,

Эл үчүн маанилүү, пайдалуу иш болгондо эч нерсесин аябаган инсан.