Кызыл ала көпөлөктөрдү кууп, торсойгон күчүк менен тен жарышчу күндөр ай! Дүйнөнүн бир бурчунда дайыма эле бир курагында, бир калыбында жашай берсек кана. Кайда-ан! Кумарың канып -кана электе эле баары өтүп, баары бүтүп, башка түйшүк, башка умтулуу, башка өмүрлөр алдыда күтөт экен го!
Күндүн чыгып, батканын карасаң зеениң кейип, аз өмүргө тар убакыт жетишпей, жашаганга үлгүрбөй калчудай сезилет. Бир нукта ары да, бери да бурула албай түз гана, тыгындарга да карабай агып кете берет экенсиң.
Бир кылчайып артты карап, балалык күндөрүңө кайткың келип, дагы бир аз жаш бала болсом болбойт беле деп ойлойсуң. Азыр кайрадан мектептеги күндөргө барып калсам, баары башкача болмок дейсиң. Бирок, бул мүмкүн эмес. Жашап өткөн же жашай турган жашообуздун бир да барагын жулуп, ыргыта албайбыз. Жөн гана ошол барактарга жаңы үмүт, жаңы кыял, жаңы максат жазып, аны түркүн түс менен көркөм гана керек көрүнөт.