Найти тему

Нариман Тюлеев 2008-2010-жылдарда Бишкекте мэр кезинде канча үй курган?

Nariman Tuleev
Nariman Tuleev

Турак-жай курулушу боюнча улуттук программа иштелип чыгып ишке ашырыла баштаган.

- Жал кичирайонунда маданият кызматкерлери үчүн 36 квартиралуу жалпы аянты 3420 м2 үй курулган;

- Туңгуч кичирайонунда мамлекеттик кайтаруу жана бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн 90 квартиралуу жалпы аянты 4434 м2 үй курулган;

- Суванбердиев көчөсүндө 114 квартиралуу жалпы аянты 6500 м2 үй билим берүү, саламаттык сактоо жана аярлуу катмардагы адамдар үчүн курулуп берилген;

- Чыгыш-5 кичирайонунда 90 квартиралуу жалпы аянты 4435 м2 үй курулуп, Улуу ата мекендик согуштун катышуучуларына берилген;

- Жал кичирайонунда 72 квартиралуу жалпы аянты 4448 м2 үй курулуп бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн үлүштүк негизде берилген;

- Жал 23тө 54 квартиралуу үй бюджеттик уюмдарда иштегендер үчүн үлүштүк негизде курулган;

- Туңгуч кичирайонунда 112 квартира жалпы аянты 8527 м2 бажы кызматкерлери үчүн курулган;

- 2010-жылы 4 көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн үлүштүк негизде куруу башталган. 2009-жылы Бишкекте биринчи жолу 6 көп кабаттуу үйлөрдү үлүштүк негизде куруу башталган. Анда курулуштун 60 пайызын үлүштөгүлөр, 40 пайызын шаардык бюджет төлөп берип турган.