Найти в Дзене

Илим

Куранда Аллах Таала, биздин Пайгамбарыбыз (саллаллооху ьалайхи ва саллам)га: "Эй менин Роббим менин илимимди кобойт"- деп суроого окум берген, себеби илим ушундай нерсе, ал пендени Аллахка жакындатат. Илимдуулор Аллахтан кобуроок коркушат. Илим бул- жарык бир нур. Аны менен карангычылыктан чыгат. Илим-адамга кыйышпас дос болот жана адашуудан сактап, инсандарга туура жол корсотот. Курани Каримде Аллах Таала айткан: " Аллахтан илимдуулор гана коркушат". Илим менен адамдын амалы туура жана Аллахтын алдында кабыл болот. Дагы Аллах Таала Курани Каримде айткан: "Илимдуулор менен илимсиз бирдей боло албайт". Пайгамбарыбыз саллаллооху ьалайхи ва саллам айткан: " Бир аалым мин ибадатчылдан артык" жана дагы бир хадисте келет: "Кайсы бир адамга олум келгенде, ал Исламды таратуу ниети менен илим алып жаткан болсо, анда бейиште Пайгамбарлар менен бир эле даража айырмасы болот". Аллах Таала биздин баарыбызга дин илимин уйронуп жана уйротууго мумкунчулук берсин.