"Минтпе”, “тигинтпе”, “антпе”, “мындай кыл”, “тигиндей кыл”, анан аягында “Уктуңбу?” деп туруп кайра башынан кайталашат. Жакында турмушка чыгаарымды уккан ар ким келип алып нотация окуп жатышты. Ишенесиңерби, баары тыюу салуулар болду. Качып кетким келди. - Сага тийсем өзгөрүшүм керекпи? - Эмнеге? - Жеңемдер ошондой дешти. - Мен сени турган-турпатың, кылык-жоругуң менен сүйгөм. Сени өзгөртүү менин кызыкчылыгым эмес. Кандай болсоң, ошондой болуп жанымда жүрсөң болду. Мага башка эч нерсенин кереги жок. Тойго эки күн калганда жигитиме жолугуп, ичимдеги коркуулар менен бөлүштүм. Эгер ал дагы башкалардын сөзүн сүйлөп туруп алса, эч нерсени карабай тойду токтотмокмун. Себеби мен бактылуу болгум келет! Анан дагы, ачык мүнөз, баарын бетке айткан кызмын. Бир нерсе жакпаса жакпайт дейм. Кайын энем менен кайын атам ажырашып кетишкен экен. Бирок, тоюбузда экөөнүн бири-бирине жасаган мамилесин көрүп суктандым. Сүйүнүчүм койнума батпай отурсам кайын энем жаныма келип “жүр бийлейбиз”,-деп, бийге
Кыска шорта кийип алып жыргап жүрсөм кайын энем кирип келип калды
17 августа 202017 авг 2020
32
2 мин