Ата-энем студент кезинде баш кошушат. Мен төрөлгөндөн кийин кыркымды чыгарып, чоң энеме таштап, шаарга окуусуна жөнөп кетишет. Ошентип, кемпирдин колунда тарбия алып, мектепти бүткүчө айылда болдум. Эми чоң энеме сөз жок, колунан баары келет. Бир эле нерсе айтайын: чоң атам койду мууздап берсе, калганын өзү жайгарып койчу. Этегинен чыкпай жүрүп, билгендерин үйрөнүп алдым. Чоң энем көп сүйлөчү эмес. Айтчусун айтчу, болду унчукпай жүрө берчү. Башка чоң энелердей болуп үстүмө үйрүлүп түшкөн жок. “Кыйратыптырсың!” деген сөзү эркелеткени болчу. А мага бул жетишсиз эле. Мектепти бүтүп шаарга бет алдым. Майрамдарда гана көргөн өз ата-энемдин үйүнө бардым. Билесиңерби, баары бир апам экөөбүз эне-баладай жакын боло албадык. Бирибирибизге бөтөн киши элек. Сылык-сыпаа сүйлөшөбүз, бирок сырдашпайбыз. А мен ушунчалык мээримге зар элем. Курбуларым четинен турмушка чыга баштады. Жолугуп калсак кайын энесинин кылыктарын айтып, төбө чачымды тик туругузушат. “Оо, кудай, жакшы кайын энеге туш кыл
Чүкөдөй кайын энем мени көргөндө тамды айланып качып жөнөйт
17 августа 202017 авг 2020
63
1 мин