Найти в Дзене
Big Boss

Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле. Мадумаровдун карантин киргизбөө керек дегени туура болгонбу?

Өтө белгилүү аалымдан ажырап саясатты жазууга кол барбай турган күйүттүү күндөрдө " Мадумаров вирус жок деп элди көчөгө чыгарып ошонун айынан кырылып атабыз" деген таризде билимдүү мугалимдерден баштап фейктерге чейин жазып, айтып жатышат.  Түшүнбөй же туура эмес маалымат алып айтып жаткандар төмөндө эл аралык адистердин пикирлерин окуп вирус күчөшүнө көчөгө чыгып кеткенибиз эмес, күндүн нуруна муктаж кезде үйдөн чыкпай койгонубуз себеп болгонун түшүнүңүздөр. Күндүн нурунан териде Д витамини иштелип чыгат жана ал витаминдин жетишпестиги вирустун күчөшүнө жол ачат. Улуу Британиянын саламаттыкты сактоо министрлиги: карантин учурунда Д витамини менен организмди камсыздоо өтө маанилүү, себеби бул витаминдин негизги булагы болгон күндүн нурун көрбөй жатабыз. Елена Малышева (медицина илимдеринин доктору): Д витамини вирустарды жана микробдорду жок кылуучу клеткаларды пайда кылат. Улуу Британиядагы University of East Anglia, UEA университетинин окумуштуулары: Д витамининин жетишсиздиги

Өтө белгилүү аалымдан ажырап саясатты жазууга кол барбай турган күйүттүү күндөрдө " Мадумаров вирус жок деп элди көчөгө чыгарып ошонун айынан кырылып атабыз" деген таризде билимдүү мугалимдерден баштап фейктерге чейин жазып, айтып жатышат. 

Түшүнбөй же туура эмес маалымат алып айтып жаткандар төмөндө эл аралык адистердин пикирлерин окуп вирус күчөшүнө көчөгө чыгып кеткенибиз эмес, күндүн нуруна муктаж кезде үйдөн чыкпай койгонубуз себеп болгонун түшүнүңүздөр. Күндүн нурунан териде Д витамини иштелип чыгат жана ал витаминдин жетишпестиги вирустун күчөшүнө жол ачат.

Улуу Британиянын саламаттыкты сактоо министрлиги: карантин учурунда Д витамини менен организмди камсыздоо өтө маанилүү, себеби бул витаминдин негизги булагы болгон күндүн нурун көрбөй жатабыз.

Елена Малышева (медицина илимдеринин доктору): Д витамини вирустарды жана микробдорду жок кылуучу клеткаларды пайда кылат.

Улуу Британиядагы University of East Anglia, UEA университетинин окумуштуулары: Д витамининин жетишсиздиги оору оор формага өтүшүнө алып келиши мүмкүн.

Башка өлкөлөр кантип күрөшүп жатат:

ШВЕЦИЯ. Чек аралар ачык, кафелер 1.5 метр аралыкты сактап иштеп жатышат, мектептер жабылган жок. 50 адамдан ашык чогулууга тыюу салынган. 

Вируска каршы күрөшүү штабы:Вирусту жеңүүнүн эки гана жолу бар. Ар бир адам жеңил формасы менен ооруп чыгышы керек же баарына вакцина жеткирүү керек. Карантин деп элди үйгө камоо логикага сыйбайт",-деди.

ТҮШТҮК КОРЕЯ. Бул өлкө вирус чыкты дегенде эле массалык тест өткөрүп кимде вирус бар кимде жок аныктап алып ошого жараша күрөшкөн. 

БЕЛОРУССИЯ. Батька "биздин башка өлкөлөрдөй бир канча жыл иштебей жашаганга жетчү ресурсубуз жок, карантин киргизип шайлоого жакын саясий упай топтосом болмок бирок андай кылбайм. Президент катары "колду жуугула, үйдө олтургула деген майда-чүйдөгө аралашпай стратегиялык кадамдарды жасашым керек,"- деди. 

Бизде Мадумаров күнөөлүү. Бүт жаман окуяларга.