УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевдин кайрылуусу 12 мартта Сауд Аравиясынан келген учактын ичинде президенттин бир тууган иниси, Жогорку Кеӊештин депутаты Асылбек Жээнбеков болгонбу? Жогорку Кеӊештин депутаты Ирина Карамушкинанын 30-апрелдеги палатанын жыйынында сүйлөгөн сөзү айрым бийликтин камчысын чаап жүргөн депутаттар тарабынан бетпактык менен бурмаланды. Ирина Карамушкина Ислам динине жана Сауд Аравиясынын дарегине эч кандай шек жарата турган сөз сүйлөгөн жери жок. Тескерисинче, аны табалап, президенттин инисине болушкан «мырзалар» тарабынан коомчулуктун көнүлүн маселенин өзөгүнөн башка нукка буруу аракети жасалды. «Асылбек Жээнбеков 12 мартта Сауд Аравиясынан келген учакта болду беле?», - деген Ирина Карамушкинанын так жана тике суроосу жоопсуз калды. Умра сапары жеке туристтик компаниялар аркылуу ишке ашырылат. Менин билишимче, ал жакка барып келүү үчүн жыл сайын Жогорку Кеӊештин депутаттарына жана президенттин тегерегиндеги адамдарга бекер кво
УКМК нын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевдин кайрылуусу
6 мая 20206 мая 2020
52
1 мин