Орусиянын Москва шаарында бир үйдө жашаган эки кыргызстандык үй-бүлөдөн коронавирус чыкты. Алар эки жумадан бери үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатышат. Кыргызстандык Айгүл COVID-19 илдетинин алгачкы белгилерин эки жума мурда байкаган. Москвада эки бөлмөлүү батирде алар кыргызстандык үй-бүлө менен чогуу турушат. Айгүлдүн айтымында, анализдин жыйынтыгы бул үйдө жашагандардын баарына оору жукканын көрсөткөн. ⬇️ «Март айынын башында эле күйөөм иштен суранып, эч жакка чыкпай калдык, - дейт ал. - Себеби, кызымдан чочулап жаттык. Кошуна бөлмөдө жашаган аялдын күйөөсү эле ишке барып келчү. Бир жолу ал аябай катуу ооруп калды. Түнү менен дене табы көтөрүлүп, 39га чейин жетип, антибиотик ичип түшүрүштү. Эртеси кайра ишке кеткен. Андан кийинки күнү эле баласы, аялы, мен ооруп калдым. Башында чыйрыгып, дене табым көтөрүлүп, 38ди көрсөттү. Көрсө ошондо эле бизге жуккан экен. Акыркы болуп күйөөм ооруду. Дароо дарыгерди чакыртып, анализ тапшырдык. Үч күндөй эч кандай жооп болгон жок. Биз ал кезде
Бир үйдө жашаган эки Кыргызстандык үй-бүлөдөн коронавирус чыкты
19 апреля 202019 апр 2020
43
1 мин