Унутчааксызбы? Буюмду кайсы жерге койгонуңузду эстей албай убара болосузбу? Маалыматтар бат эле башыңыздан чыгып кетеби? Көргөн киноңузду бат эле унутуп каласызбы, жадагалса жаңы таанышкан адамдардын аттарын эстей албай убара болосузбу? Демек сиздин эске тутууңуз начарлап кеткен. Бардык нерсени жакшыртса болот, а түгүл эс тутумду дагы. Азыр сизге кантип эске тутууну жакшыртып, унутчаак болуудан арылуунун жолдорун айтып беребиз. Элестетиңиз ске тутууну бирден бир жакшыртуунун бир бөлүгү бул-элестетүү. Мисалы дүкөндөн сүт алыш керектигин унутпаш үчүн сүт жөнүндө ойлонуп-элестетиңиз, сүт кантип жасаларын, жылуу сүттү ичип жатканыңызды, уйду саап жатканыңызды, иши кылып сүткө байланыштуу көп нерсени элестетип алыңыз алдын ала. Ушундай эле жол менен бардык нерсени унутпай тургандай болуп жаттап калсаңыз болот. Адамдар менен таанышып жатканда ал адам атын айтканда мисалы Асан болсо сиздин Асан деген тууганыңыз же таанышыңыз бар болсо ошолорду эстеп коюңуз. Ошондо унутуш кыйын болот. У