Жаңы техника – дайым сүйүнтүп жана толкундантат. Өзүңдү жаңы жылдын түнүндөгү бала сезип каласың. Бирок, байкасаңыз керек, жаңы смартфон эскисине караганда батыраак бузулганын. Балким, күнөөнүң баары “Заговор теориясында”. Балким – төмөндөгү майда нерселер техниканы бир нече айга жеткирбей эле өлтүрөт.
Өндүрүүчү, колдонуучуну улам жаңы чыккан моделдерин сатып алууга мажбурлоо үчүн атайын план койгондой. Бирок, бул “багды” айланып, техниканын өмүрүн узартууга мүмкүн. Төмөнкү нерселерди кылсаңар, гаджетиңиз батырак бузулат:
1. Wi-Fi жана Bluetooth модулдарын өчүрбөйсүз
Колдонбойсузбу? Өчүрүңүз.
Көп колдонуучулар «көк тиш» менен зымсыз тармактын белгисине көңүл деле бурушпайт. Иштеп атат – нан сураган жок. Бирок, дайым тармак издөө менен энергиянын көбүн дал ошолор коротушат. Жыйынтыгында, телефон бат «отуруп», аны кайра-кайра заряддаганда, аккумулятор бат иштен гыгат. Wi-Fi менен Bluetooth керек болгон маалга чейин өчүп турганы жакшы – ошондо батарея көпкө кызмат кылат.
2. Телефондун өзүн эч качан өчүрбөйсүз
Телефонду эс алдырыңыз.
Компьютерди деле өчүрүп турабыз го. Смартфонго деле кээде эс алуу керек. Кичине эле катып баштаганда, өчүрүп кайра күйгүзүү керек. Андан жакшысы, жумасына жок дегенде бир жолу «уктап, эс алып» алганга мүмкүндүк берсеңиз. Мисалы, дем алыш күнү түндөсү – батарея үчүн да пайдалуу, өзүңүз да уктап эс аласыз.
3. Батарея 0%га чейин отурушун күтөсүз
0%дан 100%га чейин – туура эмес ой.
Толук отуругузуп туруп кайра 100% «тойгуза» заряддаш үчүн. Бул амал чын эле пайдалуу, бирок эң биринчи бир-эки цикл үчүн гана. Аккумуляторду «ысытып» алыш үчүн. Андан кийин гаджетти аягына чейин отуруп калуусуна көз салып, эч качан өчүп калганча колдонбоңуз. Бул кийинки пункт менен түздөн-түз байланыштуу.
4. Түнү бою заряддоого калтырасыз
Эмнеге смартфонду түнү менен заряддаганга болбойт?
Телефон оңдогон адистен сурасаңыз ал тастыктайт: телефонду 100% заряддап кереги жок. Андан да жаманы, токко кошуп түнгө калтырып коюу. Бул адат аккумуляторду “бошоңдотот” жана ал убакыт менен зарядын батырак коротто баштайт. Анын ордуна 95-98% гана заряддаңыз жана токтон алып салыңыз. Бул жетишерлик болот.
5. Оригинал эмес заряддагыч колдоносуз.
Арзан да, бирок...
Баасы 1$ ашпаган шнурлар менен заряддагычтар чөнтөктү тырмап, мени ал деп, толуп жатат. Бирок ал бир жумага араң жетет. Көпчүлүк убакта алар толук заряддай албасын айтпай эле коёлу, ал аз келгенсип, техниканы иштен да чыгарат. Балким, бир жолу оригиналын сатып алган туура болоор?
6. Телефонду чаңдан тазалабайсыз
Тиш чукугуч деле жарайт.
Чаң менен кир бардык тешиктерге толот: вентиляциясынан баштап, динамиктерине чейин. Аны менен гаджеттин иштешине көрүнөө тоскоолдук жаралат. Ошондуктан, айына бир жолу чукуп, тазалап койгон туура.
7. Телефонду кычыраган суукта колдоносуз
Суук телефонду “отургузат”.
Катуу суук, же -5 градус болсо да, телефондун зарядын бат отургузат. Өзгөчө, эгер карта колдонсоңуз, же басып баратып соцтармактарды чукуласаңыз. Өтө зарыл болбогон учурда, телефонду чөнтөктөн чыгарып кереги жок. Жазга чейин.
8. Геолокация функциясын өчүрбөйсүз
Локациянын кереги барбы?
Кыскача айталы: батареяны отургузат. Абдан бат. Смартфондун иштөө мөөнөтүн узартуу үчүн, жөнөкөй нерсени кылып коюңуз: бардык тиркемелердеги геолокация функциясын өчүрүп салыңыз. Instagramда, жүргөн жериңизди кол менен деле көрсөтүп койсо болот.
9. Телефонду ачкычтар менен кошо бир чөнтөктө салып жүрөсүз
Ооба, чийилип калат.
«Gorilla Glass» дейсизби? Бирок, телефондун арткы панелин укмуш бышык айнек да сактабайт. Ошондуктан, чийилип калбайт деп эч ким кепилдик бербейт. Майда нерсе, бирок жагымсыз.