Достук дүйнөдөгү эң сонун кубулуштун бири. Досуңуз бар болсо кыйынчылыктар менен жалгыз күрөшпөйсүз. Эгер кайгырсаңыз досуңуз дайым дем берет, жеңиштериңизди чогу майрамдайт, сиз үчүн жакын туугандай эле болуп калат. Тилеке каршы баары эле чыныгы дос эмес. Кээ бири сиз менен, бир нерсе керек болгон үчүн эле дос болот, чынына келгенде пыш дебейт, аркаңардан жаман сөздөрдү сүйлөйт. Жасалма дос эч кимге кереги жок. Чыныгы достон айырмалай алчу 10 белгини сунуштайбыз. 1. Сизди укпайт Чыныгы дос өзүнүн эле көйгөйүн айтпастан сиздикин да укканга даяр. Эгерде досуңуз өзүнүкүн эле айтып, сиздикин уккусу келбесе, анда сизге башы деле оорубайт. 2. Сизди туура эмес чечимдерге түртөт Жасалма дос сизди бузуп жана жашоодо туура чечим чыгарганга жолтоо болуп турат. Чыныгы дос сизди жакшы болгонго жардам берип, туура чечим кылганга жардам берет. 3. Оор учурда достук жөнүндө унутуп коет Кичине бир нерсе туура эмес болсо сизди таарынтат, ойлонуп да койбой оор учурда таштап кет