Найти тему
Jakshylyk Jaliiov

Жардамга муктаж үй-бүлөлөргө 9 млн. сом бөлүндү

Кыргызстанда турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө гуманитардык көмөк көрсөтүү үчүн 9 млн. сом бөлүндү.

Бул оор кырдаалда жашап жаткан адамдарды тамак-аш менен камсыз кылуу үчүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде ачылган атайын эсепке чогултулган акчадан сарпталат.

Анын ичинен Ош шаарына 4 млн. сом, Нарын шаарына 1 млн. сом, Жалал-Абад шаарына 1 млн. сом, Сузак районуна 2 млн. сом жана Ноокат районуна 1 млн. сом бөлүндү.Анын ичинен Ош шаарына 4 млн. сом, Нарын шаарына 1 млн. сом, Жалал-Абад шаарына 1 млн. сом, Сузак районуна 2 млн. сом жана Ноокат районуна 1 млн. сом бөлүндү.

Мындай чечим муктаж адамдарга жардам бөлүштүрүү боюнча комиссиянын жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.Мындай чечим муктаж адамдарга жардам бөлүштүрүү боюнча комиссиянын жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Азык-түлүккө муктаж кишилер 1227.tunduk.kg электрондук системасы аркылуу жардам алуу үчүн анкета толтурса болот.