Найти тему
sabil.news

Араб дүйнөсү Палестинаны Трампка сатты

Сауд Аравия, Египет, Катар жана БАЭ Трамптын палестина-израиль конфлигин жөнгө салуу боюнча планын колдоду.

Сауд Аравиянын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, падышалык Палестина боюнча суроолор адилеттүү чечилиши үчүн багытталган бардык аракеттерге колдоо көрсөтөрүн ырастайт жана  Трамптын ишин жогору баалайт.

Ошондой эле, Сауд Аравиясы Америка Кошмо Штаттарынын колдоосу менен Израиль жана Палестинаны түздөн-түз сүйлөшүүсүнө чакырды.

Египеттин тышкы иштер министрлиги дагы бул демилгени колдорун билдирди.

Катар ЖМКсы Трамптын аракетин туура көрүп, Палестинанын аймагы адилеттүү тынчтыкка келүүсү үчүн күч-аракетин жумшарын жана Чыгыш Иерусалим Палестина мамлекетинин борбору болушун каларын жазып чыкты.

Американын бул ишине БАЭ элчиси Юсеф Аль Отаиба ыраазычылык билдирди. Анын пикиринде тынчтык план эки тараптын сүйлөшүусүнө биринчи кадам.

Ал эми Иордания менен Түркия бул ишке каршы. Анкара бул демилгени “өлүү төрөлгөн” деп эсептеп, палестиналыктар колдобогон планды алар дагы колдоборун билдирген.

Ал эми Палестинанын БУУдагы өкүлү Рияд Мансур америкалык коллегасы Келли Графтанын АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча “тынчтык планын” сүйлөшүүдөн баш тартты. Анын сөзүндө бир дагы Палестинанын бийлик өкүлү АКШнын расмий өкүлү менен сүйлөшпөйт.

“Бул план Палестиналыктарга пайдасы жок. Палестина бийлиги бардык эл аралык бирикмелерге өзүнүн тандоосун айтты”- деди дипломат.

АКШ Президенти Дональд Трамп Израиль премьер-министри Биньянмин Нетаньяху менен өткөн пресс-конференцияда “тынчтык келишиминдеги” өзгөчөлүк жөнүндө айткан.

Эскерте кетсек, Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору кылууну жана Иорданиянын бир топ аймагын Израилдин карамагына өткөрүүнү сунуштаган. Муну менен бирге Израиль менен Палестина биргеликте жакшы жерлерди бирге башкарат.

Мындан тышкары Трамп Чыгыш Иерусалимди Палестинанын борбору кылып,  ошол аймакка Америка элчилигин курууну пландап жатат.

Палестина күзөтүлгөн мамлекет болот. Алар аба мейкиндигин жана чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттарын көзөмөлдөй албайт.

Палестинанын чыгыш аймагындагы батыш жээги жана газ сектору – туннель менен бириктирилиши керек.

Муну менен бирге Трамп Палестиналыктардын талаптарына болгон үмүтүн, анын ичинде качкындардын өз жерине кайтуу укугун алып койду.

АКШнын Израилге болгон талаптары: Иорданиянын батыш жээгиндеги мыйзамсыз форпостторду бузуп, адам жашаган аймакка айлантуу, 4 жылга курулуш иштерин токтотуу жана Палестинаны көз карандысыз кылуу.

Экинчи тармагы – экономика. Ал өткөн жылда жарыяланган. Жалпысынан 50 миллиард долларлык 200 проект бар.

Наш сайт: sabil.news

С подпиской рекламы не будет

Подключите Дзен Про за 159 ₽ в месяц