Тайип Эрдогандын устаты Нежмеддин Эрбакан (Аллах ал кишини ырайымына алсын) мындай деген экен: ” Саны 1,5 млдр болгон мусулмандар ушул тапта 8 миллиондук израиль сионист түзүмүнөн кантип кутулуунун айласын таппастан,(Пил сүрөсүндөгү ) абабиль куштарынан жардам күтүп жатат.Бирок ал куштар келсе да,тумшугундагы таштарды зулумкор жөөттөрдүн эмес, мусулмандардын башына ыргытмак деп айткан экен. Израилдин бир кездеги президенти Шимон Перестен журналисттер: «Курани Каримде сиздин мамлекетиңиз талкаланып жок болот деп жазылат эмеспи” деген суроо менен жарга такамыш болот. Перес минтип жооп берет: “Куранда жазылгангандай (чыныгы) мусулмандар пайда болсунчу, ошондо ойлонуп көрөбүз” (Tercüman Gazetesi, Ergun Göze, 1986-ж). Биз ар дайым батышты,жөөттөрдү,шайтанды,напсибизди же эч болбосо башка бирөөнү күнөөлөгөндү жакшы көрөбүз.Балким күнөөнүн баары өзүбүздө болуп жүрбөсүн, замандаш?! АРАКЕТ БИЗДЕН,ЖЫЙЫНТЫГЫ АЛЛАХТАН! Автор: Нуриет Абдулазиз Наш сайт: sabil.news