Анын жашоосу татаал болгон. Ал Китайдын Шеньян шаарында 1936-жылы туулган. Бул адамдын уникалдуулугу эмнеде деп ойлойсузбу? Анда анын жетишкендиктери тууралуу токтоло кетейин: 1)Ал дүйнөгө таанымал болгончо 60 жыл машыкты, өзүнүн жекече өсүүнүн үстүнөн иштеди. 2) 24 жашында театрда иштеген. 3) 44 жашынан баштап англис тилин үйрөнүп баштаган. 4) 49 жашында өзүнүн "пантомима" тобун түзүп, Пекинге аттанган. 5) 50 жашында биринчи жолу машыгуу залына барып, өзүнүн денесинин идеалдуу формага келүүсү үчүн иштеген. 6) 57 жашында сахнага кайтып келип, "Тирүү скульптура" аталышындагы искусствонун уникалдуу түрүн жараткан. 7) 79 жашында биринчи жолу модель катары подиумга чыккан. Ал 80 жашында ушул жетишкендиктер жана ийгиликтеринин артынан интернет жылдызына айланды. Бүгүнкү күндө ал 84 жашта. Бул сапаттары менен адамдын күчтүү эрки жогорку ийгиликтерге жеткиреерин тастыктай алды. "Менин жашым өттү, колумдан келбейт"-деп өзүн алдаган адамдарга ушул адамдан өрнөк алуусун сунушт