Канал ачуу бекер. Gmail.com менен ачылган почтаңыз менен эле киресиз. Болгону каналга ат тандап, профилге сүрөт коюп, обложка койсоңуз болду.
📌Ютубда кандай канал иштетсе болот?
Менин жеке пикирим: мигранттар үчүн пайдалуу кеңештер, фитнес жана туура тамактануу, рецепт, окутуу-үйрөтүү, саякаттоо, товарлардын обзору, психология, Хэнд-мейд, курулуш-үй ремонту, сулуулук жана мода тууралуу канал ачсаныз болот. Эң негизгиси видеолор өзүңүз тарткан болушу керек.
📌Ютуб каналды кайсы тилде иштетүү керек?
Кайсы тилди эң жакшы билсеңиз, ошол тилди колдонуңуз. Эгер кыргызча болсо, аудитория аз болот деп ойлонбоңуз, кыргыз тилдүү, бирок 100 миңдеген подписчиктерге ээ блогерлер бар. Айрыкча акыркы жылдары кыргыз тилдүү аудиториянын саны өстү. Ошондой эле бош тематикалар да көп. Орусча канал иштетсеңиз, анда өтө жакшы. Жалпы КМШга чыгууга мүмкүнчүлүк болот. Англисче билип, англис тилдүү канал ачам десеңиз, анда сөз жок, азаматсыз🤗
📌Ютубда качан монетизацияласа (акча иштөөгө) болот?
Ютубдун