Канаданын түндүгүндө рекорддук көлөмдөгү кар жаап, бийлик жабыркагандарга жардам берүү үчүн куралдуу күчтөрдү тартты. ⠀ Авалондо кардын калыңдыгы 3 метрге чейин жетип, жашоочулар сыртка чыга албай калышкан. ⠀ Алгачкы жардам Ньюфаундленд жана Лабрадорго жөнөтүлөт. Бул провинциянын борбору Сент-Джонс шаарында бир күндүк жааган кардын калыңдыгы 76,2 сантиметрге жеткен. Акыркы рекорд бул аймактарда 1999-жылы катталып, ал 68,4 см түзгөн. ⠀ 17–18-январь күндөрү Канадада акыркы 20 жыл аралыгындагы эң күчтүү кар жаашы катталды. Жашоочуларга кардын калың жаашы гана эмес, катуу шамаал дагы кыйынчылыкты жаратууда. ⠀ Булак: Элдик Медиа
Канадада калыңдыгы 3 метрге жеткен кар жаап, 20 жылдык рекорд коюлду.
24 января 202024 янв 2020
107
~1 мин