Найти тему
Jakshylyk Jaliiov

Түскө карап мүнөзүңүздү аныктаңыз!

Психолог адистер адамдын тандаган түсүнө карап, алардын мүнөзүн жана ички жан дүйнөсүн болжолдуу айта алат.

Ак түс

Адамдын ишенчээк жана дилгирдүүлүктөн кабар берет. Ак өңдү көбүнчө жаштар кийгенди жакшы көрөт, анын себеби алар алдыга карай умтулууну каалашат. Ошол эле учурда мындай адамдардын амбициясы дагы жогору болот.

Кызыл түс

Кызыл өңдү тандагандар күчтүүлүктөн кабар берет. Алар албуут, активдүү, тез чечим чыгарган жана бир орунда отурууну каалабаган адамдар. Жашоодо бардык нерсени үйрөнүп, бир гана алдыга карай умтулат.

Сары түс

Эркиндикти каалаган жана кыялданууну жакшы көргөн адамдар. Ар дайым изденүүдө болушат. Ошол эле учурда өздөрүнүн ой-пикирин таңуулап, башкаларды дагы уга билишет.

Жашыл түс

Мындай адамдар бир ишти бирөө менен чогуу жасаганды жактырган адамдар. Бул өң үмүттү билдирет. Алар тынчтыкты сүйөт. Көпчүлүк менен аралашканда чыдамкай, сабырдуу адамдар.

Сыя көк (фиолетовый)

Өзүнүн позициясын жана акылдуу экендигин сыртка чыгарууга тырышкан адамдар. Алар жумушта абройлуу болууга умтулат. Мындай адамдар бир гана өзүн гана ойлогон адамдар.

Боз түс

Өзүнө өтө сак адамдар.

Кара түс

Өзүнчө купуя, табышмактуу болгонду жактырат. Мындай адамдар өзүнүн оюн көп жерде айта бербей, жашырганга тырышат.