Австралияда өрттөн өзгөчө коала жаныбарлары катуу жабыркап, 40 миң түрү жок болду.
Азыр аларды Kangaroo Island жапайы жаныбарлар паркындагы госпиталда дарылап жатышканын 15-январда AFP маалымат агенттиги жазды.
Жабыркагандар өтө эле көп болгондуктан ветеринарлардын убактысы жетпей жатат. Көптөгөн коалалар тамандары күйүп калган. Айрымдарынын жараттары оор болгондуктан эвтаназия жолуна барууга аргасыз болуп жатышат.
Түштүк Австралияда ветеринардык топтун жетекчиси Стивена Селвуд өрткө чейин аралда 46 миң коала болсо, учурда болгону 9 миң түрү калганын белгиледи.
Австралиянын Экология министри Сусан Лей токойдогу өрт коалалардын түрлөрүнө катуу сокку болгонун билдирди.
Kangaroo Island –коалалар үчүн кооптуу хламидиоз инфекциясы болбогон Австралиядагы жалгыз аймак болуп саналат.