Чип менен кубат алган жаңы компьютерлер пайда болот
Технология эксперттердин айтымында 2020-жылы чип аркылуу кубат алган жаңы үлгүдөгү компьютерлер пайда болот.
Алты жаштагы он баланын тогузунда уюлдук телефон болот
Бул жылы адистер алты жаштагы он баланын тогузунун колунда уюлдук телефон боло тургандыгын болжолдошууда. Ал да болсо ата-энелер балдарына эрте куракта телефон алып берүүсүнө байланыштуу.
“Google” компаниясы 2020-жылы рекламага болгон баасын жогорулатат
Төмөндө айтылгандай аталган компания 2020-жылы рекламага болгон бааны жогорулатмакчы. Ал нерсени аталган компания бул жылга чоң пландарды койгондугу менен түшүндүрөт.
“Huawei” компаниясы “Супер телефон” чыгарат
Уюлдук смартфондорду чыгарган Кытайлардын ири “Huawei” компаниясы бул жылы “Супер телефон” чыгарат. Аталган телефон адамдардын алдыга карай умтулуусуна жардам берет.
“Toyota” компаниясы өзү-өзү башкарган унаа чыгарат
2020-жылы “Toyota” компаниясы айдоочусуз башкарыла турган унааларды чыгарат. Алар бул нерсени компьютер технологиясынын жардамы аркылуу ишке ашырат. Эксперттердин айтымында жада калса компьютер аркылуу башкарылган унаа, адамдарга караганда алда канча ишеничтүү болот тургандыгына кепилдик берет.