Филипиндерде Чино Вафлор жана Кат Баутиста Паломар аттуу түгөйлөр Таал жанар тоосу лава бүрккөнүнөн карабай тоого 10 чакырым аралыктагы паркта той өткөрүштү. Көчүрүү буйругу берилгенине жана үстүлөрүнө күл жааганына карабаган коноктор туман көрүнгөн сүрөт, видеолорду социалдык медиада бөлүштү.
Тойдо сүрөтчү Рандольф Еван “Даярдыктар жүрүп жатканда саат 14.00дө жанар тоону туман басты. Бираздан кийин үстүбүзгө күл жаай баштады. Качан гана караңгы кирип, күл баткак боло баштагыча кооптонгон жокпуз. Тойдон эч кимдин кеткиси келген жок”,-деди.
Жарылуу ыктымалдуулугу бар
Филипиндердин борбору Манилага 70 чакырым аралыкта жайгашкан Таал жанар тоосу 12-январда лава бүркө баштаган. Жетекчилер бир нече саат же күн ичинд коркунуч жарата турган жарылуу болорун эскерткен. Жанар тоо жана сейсмология институту кооптуулук деңгээлин 3төн төртүнчү деңгээлге жеткенин белгилеген. Аймак жетекчилиги жанар атыларын эскертип, тоого 14 чакырым аралыкта жайгашкан 450 миң тургунга коопсуз жайга кетүүнү буюрган.
Активдүүлүгү жагынан экинчи орунда турган Таал жанар тоосу көлдүн ортосундагы аралда жайгашкан. Ал акыркы 450 жыл ичинде 34 жолу күл бүрккөн.